Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземинде коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 5 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.
Салтанат өтүүчү жайларда, коомдук эс алуу борборлорунда, көл жээктеринде жана шаар сыртындагы аймактарда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн кайгуул кызматтарынын иши өзгөчө күчөтүлөт.
Эске салсак, өлкөдө 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылат.



