29-августтан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

 

29-августтан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

 

Бишкекте “Манас” аэропортунан баштап Фучик, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Байтик баатыр, Абсамат Масалиев, Жайыл баатыр жана Алыкулов көчөлөрүндө болот. Ысык-Көлдө “Тамчы” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол, ат майдандын аймагында жана Кырчынга кеткен жол жабылат.