29-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

29-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкектин жана Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылышы мүмкүн.

 

Жарандарга киргизиле турган чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунушталат.