30 апрель — физикалык жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык тапшыруунун соңку күнү.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Кирешеси боюнча отчетторду жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар менен кызматташып, акча алган жарандар жана киреше салыгы алынбаган жактар тапшырууга милдеттүү. Калган категориядагы жарандар декларацияны өз каалоосу менен тапшырса болот.



