34 жаштагы ирландиялык жаран Стамбулдан Ирландияга чейин дээрлик 7 миң чакырымды жылаңайлак басып өттү. Саякатка 369 күн кеткен. Ал 9 өлкөнү аралап өтүп, дүйнөлүк рекорд койду.
Жолдо анын буттары канап, ысык жана катуу сууктан улам тыныгууга туура келген. Кыйынчылыктарга карабастан, ирландиялыкка жергиликтүү тургундар көп учурда жардам көрсөтүп, меймандостугун тартуулашкан.



