4 калк жашаган түйүн айыл категориясына өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алды.
Ага ылайык, Лейлек районундагы Жаштык, Бозогул түйүндөрү, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Иманалы Айдарбеков калк жашаган түйүнү жана Ысык-Ата районунун Боз-Бармак түйүнү айыл макамын алат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



