Илимий даражасы барлардын кошумча төлөмү жогорулайт

Кыргызстанда илимдин доктору жана кандидаттардын илимий даражасы үчүн төлөнгөн кошумча акы 50 пайызга көтөрүлөт.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 1-январдан тарта илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына кошумча төлөмдөр белгиленди.

Ага ылайык илимдин доктору даражасы барларга ай сайын 2 миң 700 сом, илимдин кандидаттарына 1 миң 350 сом кошумча берилет.