Кыргызстанда алдыңкы 3 жылда бизнести колдоо боюнча программа кабыл алынды

Кыргызстанда алдыңкы 3 жылда бизнести колдоо боюнча программа кабыл алынды. Ал салык текшерүүлөрүн азайтууга жана бажы инфраструктурасын санариптештирүүгө багытталган тейлөөнүн сервистик моделин камтыйт.

 

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ошондой эле документ интеллектуалдык менчик укугун коргоону камсыздоого багытталган.

 

Программа 2026-жылга чейин аял-ишкерлер үчүн мыкты өлкөлөр тизмесинде Кыргызстандын рейтингин көтөрүүгө шарт түзөт. Андан тышкары, аймактарда иш менен камсыз кылуу көрсөткүчүн жакшыртат.