Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводу мамлекетке кайтарылды

Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводу мамлекетке кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, заводдун аймагында майнинг-ферма уюштуруу үчүн атайын «Компьютер Павер центр» аттуу ЖЧК түзүлүп, компания 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын октябрына чейин уруксат кагаздары жок мыйзамсыз майнинг-ферманы техникалык жактан жабдып келген.
«Компаниянын аткаруучу директору Таш-Көмүр шаарынын О.М. аттуу тургуну болгону менен анын финансы маселесин иш жүзүндө Көлбаевдин өкүл баласынын Т.А.К. аттуу жакын адамы башкарып турган. Майнинг-ферманын иши Көлбаевдин кылмыштуу иштерин каржылоого багытталган», — деп билдиришти атайын кызматтан.
Маалым болгондой, ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн «Аю холдинг» корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган. «НурАлЭнерго» энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет. Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн «Кристалл» заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырганы кошумчаланды.