Өлкөнүн айрым аймактарында 13-14-мартта электр энергиясын берүүдө кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы 2-3 күндө республика аймагында аба-ырайы кескин бузулуп, сууктайт. Буга байланыштуу, электр энергиясын колдонуу дагы көбөйөт, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн жөнгө салуу чаралары киргизилет, — деди Ибраев.
Эске салсак, Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкция иштери жүргүзүлүп, кубаттуулуктун тартыштыгы жаралган.