УЕФА футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ырын тартуулады

УЕФА футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ырын тартуулады. “Файр” аталышындагы чыгарманын авторлору – италиялык трио “Медуза”, “Уан репаблик” америкалык тобу жана немис аткаруучусу Леони.

 

Күйөрмандар тректи артисттердин жандуу аткаруусунда турнирдин жабылыш аземинде уга алат. Эске салсак, Европа чемпионаты 14-июнда старт алып, 14-июлга чейин созулат. Беттештер Германиянын 10 шаарында өтөт.