Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет

Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет. Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш катары бекитилген. Майрам дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен кыргызстандыктар үч күн — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алышат.

 

Эске салсак, Курман айт Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып беришет.