Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы министрлер кабинетинин чечими менен ордо калаа мэриясына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Энергетика тармагында бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында муниципалитеттин структурасында Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү. Ага Бишкектин жылуулук-газ-энергокамсыздоо тармактарын өнүктүрүүгө байланыштуу фунциялар жүктөлдү.