Улуттук банк аралыктан насыя берүүдө акчаны которуу мөөнөтүн аныктоону сунуштады

Улуттук банк аралыктан насыя берүүдө акчаны которуу мөөнөтүн аныктоону сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Чара алдамчылар менен күрөшүү максатында көрүлүүдө. Сунушка ылайык, насыя каттоого тапшырык түшкөндөн баштап акчаны которууга чейин мөөнөт өтүшү керек.

 

Алсак, 50 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек, 100 миң сомго чейин — 6 саат жана 100 миң сомдон өйдө — 24 саат. Ошондой эле каржылык мекеменин кызматкери белгиленген убакыттан кийин кардарга телефон чалып кайрылууну тастыкташы керектиги белгиленген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.