Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусуна кар жаады

Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусуна кар жаады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жеринде жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат.

 

Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кар жааган, каттам бар.

 

Учурда өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок. Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.