Кыргызстанда 10дон ашык «Эл Аман» дарыканасы ачылат

Жакын арада Кыргызстанда 13 «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин фракция жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, буга чейин өлкө боюнча 87 мамлекеттик дарыкана ачылган.

 

«Мамлекеттик дарыканаларда дарылар жеке аптекаларга караганда 20-30% арзан. Мамлекеттик дарыканалардын пайда болушу менен жеке жактар бааны арзандатууга киришет деп ойлойм», — деди чиновник.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.