Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу үчүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болду.
5-ноябрда Кант шаарында өткөн Кыргызстандын премьер-лигасынын 25-турунда «Абдыш-Ата» бишкектик «Дордой» клубун 1:0 эсеби менен утту.
Кыргыз премьер-лигасы деп аталган өлкө чемпионатында 10 клуб — «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Мурас-Юнайтед», «Талант», «Кыргызалтын, «Илбирс», «ОшМУ-Алдиер» жана «Абдыш-Ата» ойнойт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.


