Адамдын мүнөзү анын кирешесине түздөн-түз таасир этет

Мындай жыйынтыкка Германиянын экономисттери келишти.

 

Изилдөөгө ылайык, жоопкерчиликтүү жана тартиптүү адамдар 45 жашка келгенде көбүрөөк киреше табышат. Бул көбүнчө жогорку айлыкка эмес, туруктуу карьерага байланыштуу. Анткени мындай кызматкерлерди жумуштан сейрек бошотушат жана алар жаңы жумушту бат табышат.

 

Ал эми өтө эле ийкемдүү жана башкаларга көп жеңилдик берген адамдардын кирешеси, тескерисинче, төмөнүрөөк болору аныкталган.

 

Ошондой эле жогорку айлык ар дайым эле байлыкка кепил боло албайт. Эгер адамдын карьерасы туруксуз болсо, жакшы киреше да узак мөөнөттүү финансылык ийгиликке алып келбейт.

 

Эксперттердин айтымында, бул мыйзам ченемдүүлүк дээрлик бардык өлкөлөрдө байкалат. Бирок кирешенин деңгээлине кесип, жашаган аймак жана пайдалуу тааныштар да таасир этет.