Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуу китептерин басып чыгарууну жана мектептерге жеткирүүнү тездетүүнү тапшырды.
Быйыл окуу материалдарын чыгарууга 760 миллион сомдон ашык каралган. Жалпысынан 3,5 миллиондон ашык китеп чыгаруу пландалууда.
Алардын басымдуу бөлүгү мектептерге жеткирилди, калганы жеткирүү баскычында. Касымалиев мектептерди окуу китептери менен камсыздоону күчөтүп көзөмөлдөөнү жана ай сайын мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.



