Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү улантууда

Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү улантууда.

 

Учурда “Түндүк” тиркемеси аркылуу баланы бала бакчага же мектепке каттоого, ошондой эле күбөлүк, аттестаттын электрондук версиясын жана мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алууга болот. Бул керектүү документтерди онлайн тез жана ыңгайлуу тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет.