Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынганын эскертет

Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынганын эскертет.

 

Ведомстводон белгилешкендей, 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди оңдоого 404 млн сом каралган.

 

Ошондой эле жергиликтүү бийликке мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбейт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда адатта жайкы эс алууга кетер алдында мугалимдер мектепти оңдоп-түзөө иштерине тартылат.