Агартуу министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесиин жарыялады

Агартуу министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесиин жарыялады. Ага ылайык, Бишкектин №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов 242 упай топтоду.

 

Жалал-Абад шаарындагы мектептин окуучусу Медина Мухаммадова 240 балл алса, ордо калаанын №61 мектебининбүтүрүүчүсү Айбийке Жакшылыкова 235 упай менен үчүнчү орунда. Жалпысынан 54 окуучу мыктылардын тизмесинде.

 

Министрликтин маалыматына ылайык, ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыгына жараша бул тизме толукталышы мүмкүн.