Кыргызстанда «Аялдардын саламаттыгы» аттуу республикалык бир айлык башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын алкагында 18 жаштан жогору курактагы аялдар арасында жугуштуу эмес оорулардын жайылуусун алдын алуу аракети көрүлөт, илдеттин алгачкы белгилерин аныктоого шарт түзүлөт.
Бул үчүн ар бир аял жашаган жери боюнча бейтапканага кайрылып, толук текшерилип алса болот.
Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен уюштурулган иш-чара жыл сайын октябрь айында өтүп турат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



