Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басарлыгына дайындалды

Айбек Дайырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Айбек Дайырбеков — кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык кинофестивалдардын лауреаты.