Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды

Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу “Жол кыймылына уруксат берүү институту” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулук боюнча практикалык сабактар 70 сааттан 30 саатка чейин түштү. Бир сааттык практика Бишкек менен Ош шаарларында 950 сом, ал эми аймактарда 850 сом турат.

 

Теориялык сабактар 10 айга созулуп, баасы 19 миң сомду түзөт. Ошентип борбор калаада толук окуу орточо  47 миң 500 сомго чыгат. Оффлайн жана онлайн окуса болот. Белгилеп кетсек, буга чейин окуу программасында 70 сааттык практика каралган. Теория менен кошкондо окуунун жалпы баасы дээрлик 90 миң сомду чапчымак.