Айтматов проспектиси алты тилкелүү болот

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинин И.Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки төрт чакырымдан ашык бөлүгүндө жолду алты тилкеге кеңейтүү жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алты тилкелүү туурасы 20 метрден ашык жолдун эки чети жашылдандырылып, андан кийин велосипед жолу менен жөө жүрүүчүлөр учүн жол өз-өзүнчө курулат.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.