“Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоорунун алкагында 8 миң 256 жеңилдетилген насыя берилди

Жыл башынан бери Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоорунун алкагында 8 миң 256 жеңилдетилген насыя берилди.

 

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жалпы берилген насыянын көлөмү 5 млрд 448 млн сомду түздү. Каражат айыл чарба тармагын колдоого багытталган.