Айыл чарбасын каттоо пилоттук долбооруна 53 адам тартылат

Айыл чарбасын каттоо пилоттук долбооруна 53 адам тартылат. Улуттук статистика комитеттинен билдиришкендей, алардын арасында каттоочулар, координаторлор жана инструктор-көзөмөлдөөчүлөр бар.

 

Каттоо электрондук форматта атайын иштелип чыккан программанын жардамы менен жүргүзүлөт. Эске салсак, сынамык долбоор 18-ноябрдан 7-декабрга чейин Ош облусунун Араван районунда, Ысык-Ата районунун Красная речка, Милянфан айылдарында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.