Ак-Ордодо 750 орундуу дагы бир жаңы мектеп курула баштады

Бишкекте Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

 

Маалым болгондой, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

 

Учурда имараттын экинчи кабатын көтөрүү иштери жүрүүдө.

 

Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси төрт блоктон турган үч кабаттуу имарат болот.