Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда дайынсыз болуп жаткан алты адамды издөө үчүн тик учак жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учак бүгүн саат 7:30да Ош шаарынан учуп кетти.
Эске салсак, 9-октябрда тоого эндиктин тамырын казып алууга кеткен Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана бир чет элдик жаран үйлөрүнө кайтып келген эмес. 16-октябрда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу боюнча райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан издөө-куткаруу иштери башталып, сегиз адам аман-эсен табылган. Алар дайынсыз болуп жаткан алты кишини кар көчкү басып калышы мүмкүн экендигин билдиришкен.
Учурда жеринде 20 куткаруучу зарыл болгон бардык техникалар менен издөө иштерин жүргүзүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



