Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринде алгачкы эки асма жол ишке кирди. Долбоордун алкагында узундугу 1 миң 700 жана 2 миң 200 метрден ашкан эки канат жол курулду.
Андан тышкары, бул жерде жалпы узундугу 120 чакырымга жеткен лыжа трассалары салынат. Учурда суу, электр жана жол инфраструктурасы өткөрүү жүрүп жатат.
Курорттун биринчи этабы 2026-жылдын декабрында ачылат. Толук кандуу ачылгандан кийин “Ала-Тоо Резорт” жылына 4 миллионго чейин турист кабыл алып, 7 миңдей жаңы жумуш орду түзүлөт.



