Ак-Талаада сел жүрүп, 18 үйдүн короосун суу каптады

Нарындын Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кокту-колоттон түшкөн сел суулары Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан ашып өткөн.

 

Натыйжада сел жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп, анын ичинен 2 үйдүн жер төлөсүнө кирген. Ошондой эле 5 турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон. Учурда жеринде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.