Ак-Талаада жер титиреди

Бүгүн түшкү саат 12:39дар чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым, Орто-Сырт айылынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым жана Баетов айылынан түштүк-чыгышты көздөй 32 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Жер титирөөнүн күчү Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.