Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта күйүүчү-майлоочу материалдарды, алкоголдук жана тамеки өнүмдөрүн жүгүртүү менен алектенген субъекттер үчүн ЭТТНди (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы) милдеттүү түрдө колдонууну жоюу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Белгиленгендей, бардык керектүү маалыматтар жаңы ЭСФ 2.0 системасында көрсөтүлөт. Ал акциздик товарларды сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн бирдиктүү документ болуп калат.


