АКШ Кыргызстандын жарандарына виза алуу убактысын азайтты

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШга виза алууга кеткен убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу элчи 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолукканда айткан.

 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында “Борбор Азия+АКШ” жыйынынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушкан.

 

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери да талкууланган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

 

Жээнбек Кулубаев буга чейин жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар билдирген.