АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирди.
3-августтан тартып чектөөгө дуушар болгон дүйнөдөгү 50 өлкөнүн катарында Тажикстан жана Түркмөнстан дагы бар.
Элүү өлкө негизинен Африка, Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америкасы жана Борбор Азия мамлекеттеринен турат. Бул программа буга чейин пилоттук режимде иштеп, Кыргызстан ага 21-январда киргизилген болчу.



