Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу заманбап мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 178 млн сомду түздү.
Объектти ушул окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда. Жаңы имарат эки мөөнөттө 750дөн ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.



