Аксыда өзгөчө кырдаал режими бүгүн алынат

Аксыда өзгөчө кырдаал режими бүгүн алынат.

Novosti.kgге райондун акими Замирбек Сыдыков билдиргендей, аймактын борбору менен байланышсыз калган Ак-Суу айылына да жол ачылды.

Эске салсак, 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксынын Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айылдарында сел жүрүп, ички жолдорду, 6 чарбачылык көпүрөнү агызып кеткен.

Андан тышкары, 29 үйдүн короосун суу каптаган.

Учурда жолдор калыбына келтирилип, селден тазалоо иштери уланууда.