Акыйкатчынын бир орун басары алмашты

Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев кызматтан кетип анын ордуна Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында Медербек Усаров шайланды.

 

49 жаштагы Медербек Усаров 2000-жылы Ички иштер министрлигинин Алиев атындагы академиясынын “Юриспруденция” адистигин аяктаган. 2006-2009-жылдары ар кандай фонд, эл аралык уюмдарда иштеген. 2023-2025-жылдары Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын катчылыгында эмгектенген.

 

Омбудсмен Жамиля Жаманбаеванын эки орун басары бар.