“Акыркы коңгуроо” салтанатынан кийин көңүл ачуу иш-чараларына тыюу салынат

“Акыркы коңгуроо” салтанатынан кийин көңүл ачуу иш-чараларына тыюу салынат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө мектепте гана эмес, башка жерлерде дагы күчүндө болот.

 

Окуучулар кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда бүтүрүү кечелерин жана ар кандай отуруштарды уюштурбашы керек. Мындай чечим тартип бузууларды жана аварияларды алдын алууга багытталат.