“Акыркы коңгуроо” салтанатында акча чогултууга тыюу салынат.
Мэриядан эске салышкандай, мындай буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Ага ылайык, мектеп директорлоруна бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын ата-энелеринен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө акча чогултууга болбойт. Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстан мектептеринде “Акыркы коңгуроо” 29-майда кагылат.



