Ала-Арчада дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу башталды

Ала-Арчада дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу башталды. Курулушка капсула салынды. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей,  родельбандын узундугу 1 миң 200 метрден ашып, 36 заманбап чана орнотулуп, саатына 500гө чейин конокту кабыл ала алат.

 

Курулушту аяктоо 2026-жылдын март айына белгиленген.