Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанилүү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш уланууда.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, буга чейин жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөн.
Учурда калган 20 чакырым тилкени асфальттоо боюнча иштер жүрүүдө. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Автожол 2 тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып салынууда.



