«Ала-Тоо Резорт»: Бозучук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көлдүн Жыргалаң аймагында «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

 

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн Бозучук – Жыргалаң унаа жолуна асфальт-бетон төшөө процесси активдүү уланууда. Муну менен катар келечектеги Жыргалаң курорттук шаарчасына түз алып баруучу 8,5 чакырымдык жаңы унаа жолду долбоорлоо жана куруу иштери кошо аткарылууда.

 

Планга ылайык, бардык курулуш иштери ушул 2026-жылдын сентябрь айына чейин толук аяктап, жолдор пайдаланууга берилет.