“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашырууда жанындагы айылдарда заманбап инфраструктура түзүлөт. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Аскат Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында “Жыргалаң” курортуна чейин 14 чакырым жол салынат, андан тышкары, жакынкы айылдарда бала бакчалар жана башка заманбап инфраструктура пайда болот. Учурда курулушка даярдык иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, аталган эс алуу аймагын куруу 2026-жылдын аягына чейин жыйынтыкталат.



