«Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортуна баруучу жол быйыл бүтөт

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курортуна алып баруучу жолду куруу иштери жанданды.

 

Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришкендей, Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырым аралыктагы айланма жолдо жер жумуштары аткарылууда.

 

Каракол шаарынан курортко чейин 2-4 тилкелүү жаңы заманбап унаа жолу салынат. Долбоорго ылайык, жол ушул жылы колдонууга берилери күтүлүүдө.