“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунун курулушу 2032-жылы толук аяктайт

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунун курулушу 2032-жылы толук аяктайт. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Жыргалаң курортунда узундугу  4 чакырымга жеткен асма жолду куруу иштери башталып, ал кийинки жылдын июнь айында ишке берилет. Алгачкы эс алуучуларды аталган курорт 2026-жылдын аягында кабыл алып баштайт, — деди Максүтов.