Алай-1 жана Алай-2 конуштарында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 конуштарында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге шаар мэриясы жана демөөрчүлөр кол коюшту.

 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы медициналык мекеме аймактагы миңдеген тургундарды сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздайт. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат.