Алай районундагы Таш-Кыя айылында мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Алай районундагы Таш-Кыя айылында мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда объектте ички жасалгалоо жана сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 77 млн сомду түздү. Долбоорго ылайык, мектеп 150 орунга ылайыкталган. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана жыйындар залы каралган.