Алай районунун Гүлчө шаарында 702 батирлүү “Хан-Теңири-8” турак жай комплексинин курулушу башталды. Мамлекеттик ипотекалык уюмунун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында 12 тогуз кабаттуу үй салынат.
Комплекс бардык зарыл инфраструктура менен камсыз болот. Батирлерди чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер да ипотека аркылуу ала алышат.



